Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан аял табылды


Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан кийинки нааразылык митинги. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясынан кийинки нааразылык митинги. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

40 жаштагы Н. К. 6-апрелде саат 04:30 чамасында автоунаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын тууганы милицияга билдирген.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери издөө иштеринин натыйжасында аял Кант шаарынан табылган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымат кызматы билдиргендей, изделип жаткан аял 6-апрель күнү саат 18:35 чамасында унаасын мас абалда айдап баратканы аныкталып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болгон.

"Аялдын алкоголдук ичимдик ичкени аныкталып, автоунаасы айып токтотмого киргизилген соң, өзү коё берилген. Учурда анын үйүнө кайтып барбаганынын себеби аныкталууда", - деп жазылган маалыматта.

Уурдалып, өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын окуясы ички иштер органдарынын жоопкерчилиги тууралуу маселени козгогон. Аны 5-апрелде саат 7:30 чамасында белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткен учур жол боюндагы кафенин видео камерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын сөөгүн ээн талаадагы унаадан мал жайып жүргөн чабан таап алган. Коомчулук кыздын өлүмү үчүн милициянын ишин сынга алып, ички иштер министри баш болуп, жетекчилердин кызматтан кетүү талабы менен Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан.

Айзаданын окуясына байланыштуу кызматтык иликтөөдөн кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баш болгон 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге сөгүш жана эскертүү жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG