Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында мал караганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда бала кар көчкүнүн алдында калган.
Өспүрүмдү издөөгө жергиликтүү тургундар, куткаруучулар чыгып, бир экскаватор иштеген.
Сөөк 10-апрель күнү, саат 09:20да табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.
Өспүрүм 2-апрель күнү мал кайтарганы кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөн.
Кыргызстанда жашы жете элек балдардын мал кайтарганы кетип, түрдүү кырсыктарга кабылган учурлары көп катталат.(ZKo)
Дагы караңыз
Ошто үй карактап качып бараткан үч киши жол кырсыгынан каза болду Иран: Натанздагы уран байытуучу заводдо авария болдуОш: Беткабында белгиси бар шайлоочулардын иши тергелүүдөЭкс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көпКоронавирустан үч адам каза болду, 208 кишиде аныкталдыКанзаада Филипп 17-апрелде акыркы сапарга узатылатПрезидент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керекБШК: Шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу ыкмада бөлүштүрүлөт