Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Канзаада Филипп 17-апрелде акыркы сапарга узатылат


Канзаада Филипптин урматына Британиянын бардык аймагында артиллериялык залптар атылды
Канзаада Филипптин урматына Британиянын бардык аймагында артиллериялык залптар атылды

Британ ханышасы Елизавета Экинчинин күйөөсү канзаада Филиппти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-апрелде өтөт. Бул тууралуу Букингем сарайы кабарлашты. Буга чейин Единбург герцогу менен коштошуу Ыйык Георгий чиркөөсүндө өтөрүн, ага чейин канзааданын сөөгү падышалык Виндзор сарайында болору маалымдалган.

Маркумдун керээзи боюнча тажыяга калың эл катышпайт. Британиядагы улуттук траур канзаада Филиппти акыркы сапарга узатууга чейин, ал эми падышалык үй-бүлө болсо эки апта аза күтөт.

10-апрелде Британия, Гибралтарда жана бул өлкөгө таандык деңиздеги аскердик кемелерден Единбург герцогунун эскерген артиллериялык залптар атылды.

Улуу Британиянын канышасы Елизавета Экинчинин күйөөсү, канзаада Филипп 9-апрелде 100гө таяган курагында көз жумган. Ал Британ канышасы менен 1947-жылы баш кошкон. Филипп 2017-жылга чейин падыша үй-бүлөсүнүн иштери менен алектенген.

XS
SM
MD
LG