Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматы боюнча 11-апрелде саат онго карата 172 миң шайлоочу добуш берди.
Шаардык кеңештерге 49 889 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 4,75% түздү.
Ал эми айылдык кеңештер үчүн 122 250 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 5,39 пайызына барабар болду.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү Ош шаарында байкалып, жалпы 151 671 шайлоочунун 11 976сы добуш бергенин кабарлады. Активдүүлүк Сүлүктү, Исфана шаарларында да байкалууда.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 5% жетти. Референдумга шайлоочулардын 30% добуш берсе өттү деп эсептелет.
11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (BCh)
Дагы караңыз
Жаңы Конституция боюнча кыргызстандыктар эмне дейт?БШК: Шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу ыкмада бөлүштүрүлөт Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалдыАкча таратуу жана басым байкалган шайлооПрезидент Жапаров: мурунку бийликтин кемчилигин кайталабашыбыз керек