БШК: 19 миңден ашык шайлоочу тилкеден тышкары добуш берүүгө арыз берди

Кыргызстандын президентин шайлоо жана референдум. Талас шаары. 10-январь, 2021-жыл.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам добушканадан тышкары жерде добуш берүүгө арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-апрелде маалымдады. Ага ылайык, арыз бергендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте - 4990 шайлоочу, андан кийин Ош облусунда - 3811, Чүй облусунда 2830, Жалал-Абад облусунда - 2691, Ош шаарында 1,5 миңден ашуун шайлоочу.

Боршайкомдун маалыматына караганда, добушканадан тышкары жерде шайлоочулардын тизмесинде катталган, бирок саламаттыгына же майыптыгына байланыштуу тилкеге келе албаган жарандар, добуш берүү күнү ооруканада, убактылуу камоочу жайларда, тергөө абагында камалып турган шайлоочулар, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда - жайлоолордо убактылуу жашаган шайлоочулар, нөөмөтчү аскер, милиция кызматкерлери, вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар, үй камагындагы жарандар добуш бере алышат.

Добушканадан тышкары жерде добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8:00ден 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (ZKo)

Дагы караңыз

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалдыОш ШИИБ: 24 жаштагы Айдананы издөө иштери улануудаАйзаданын өлүмү: 44 милиция кызматкери жазага тартылдыБишкек шаардык милициясынын башчысы иштен бошотулдуОрусия: ФСБнын кызматкерлери журналист Аниндин үйүн тинтүүгө алыштыБатыш Орусияны Чыгыш Украинадагы кырдаалды курчутпоого чакырдыОрусиянын Тергөө комитети Манижанын ырын текшеретЧек ара: Эмомали Рахмон Ворухту алмашпайт«Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгаштыАзиялык мелдеште Жоламан менен Акжол алтын утту