Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Ош ШИИБ: 24 жаштагы Айдананы издөө иштери уланууда


Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына байланыштуу митингдеги плакат. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясына байланыштуу митингдеги плакат. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Быйыл 17-мартта 24 жаштагы Айдана Таирбек кызы дайынсыз болуп жатканын кыздын бир тууган агасы милицияга кабарлаган.

Кыз 10-мартта Ош шаарындагы Ош көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Апсаттар Тавакалов "Азаттыкка" билдиргендей, издөө иштери учурунда кыз Бишкекте жүргөнү аныкталган.

"Бишкектеги Кулиев көчөсүндө бир үйдө жашап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция кызматкерлери барган учурда ал үйдөн чыгып кеткени аныкталган. Азырынча так орду аныктала элек. Издөө иштери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен чогуу жүрүп жатат".

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 8-апрелде Жогорку Кеңеште маалымдаганы боюнча, жыл башынан бери жалпы "Адам уурдоо" беренеси боюнча 89 факты катталган.

Анын ичинен 15 адамдын иши өндүрүштө, калган 74 иш кыскартылган. Мындан тышкары 1-январдан бери "Мажбурлап никеге тургузуу" беренеси менен 59 факты катталса, анын 51и кыскартылган. Министр иштердин өндүрүштөн кыскартылышына тараптардын ич ара келишип алуусу себеп болгонун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG