Айзаданын өлүмүнө шектүү мурда үч ирет соттолгону ачыкка чыкты

Айзада Канатбекованын сөөгү 8-апрелде Балыкчыга коюлду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы кыйнап өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.

Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарында уурулук кылып үч айга эркинен ажыратылган.

Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын соту аны "Тоноо" беренесинин негизинде эки жылга кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.

Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны карактоо, опузалап акча талап кылуу үчүн 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Энеси аны жалгыз бой тарбиялаган. Ал Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Жакындары, тааныш, курбулары анын волейболду жакшы ойноп, ийгиликке жеткенин эскерип жатышат.

Дагы караңыз Жолдош Шаршенов: Айзада алтын кыз болчу


Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качканы видеокөзөмөлгө жазылып калып, Интернетке тараган.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да болгон. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызын ала качакан жаран Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Айзаданын окуясынан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. (NT/AiB)

Дагы караңыз

Министр Айзаданын окуясындагы жоопкерчилигин сезерин айттыАйзаданы уурдоого шектелген үчүнчү адам кармалдыЖыл башынан бери 60тай ала качуу фактысы катталдыПремьер-министр Марипов: Ала качуу - кылмыш