Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Министр Айзаданын окуясындагы жоопкерчилигин сезерин айтты


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-апрелде Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуядан улам Жогорку Кеңешке чакырылды. Анда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, кыздын өлүмү үчүн жоопкерчилигин сезерин айтты. Бекешев министрди кызматтан өз эрки менен кетүүгө чакырды:

"Милициянын кайдыгерлигинен кыз көз жумду. Ошондуктан, сиз, эгер жоопкерчилик сезсеңиз кызматтан кетишиңиз керек. Бул сиз тараптан эң туура ташталган кадам болмок", - деди Бекешев.

Вице-спикер Аида Касымалиева милиция Айзаданын окуясын "ала качуу" деп атап, апасына телефон чалган милиция кызматкерине жаза көрүлүшүн талап кылды.

Парламент Айзаданын өлүмү тууралуу Улан Ниязбековдун маалыматын угуп жатат.

Айзаданын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.


Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине сын-доомат күчөдү. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Милиция буга чейин кызды өлтүргөн адам мурда үч жолу соттолгонун маалымдаган. Бул ишке тиешеси бар деген шек менен эки адам кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG