Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Жыл башынан бери 60тай ала качуу фактысы катталды


Айзаданын окуясы боюнча Татьяна Зеленскаянын тарткан сүрөтү. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзаданын окуясы боюнча Татьяна Зеленскаянын тарткан сүрөтү. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди. Ал кыскартылган иштерди экинчи тараптын тосмо арызы менен негиздеди.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш министр Улан Ниязбеков баштаган бир катар ички иштер органдарынын жетекчилеринин маалыматын угуп жатат.

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Милиция кызды ала качып, өлтүргөн адам мурда үч жолу соттолгонун маалымдады. Бул ишке шектүү эки адам кармалганы кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG