Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышып жаткан «Ишеним» саясий партиясына кат түрүндө эскертүү берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, «Ынтымак» партиясы муниципиалдык паркка көчөт тиккен. Аймактык шайлоо комиссиясы бул иш-чарада кайрымдуулук белгилери бар жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузат деп тапты.
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 4-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына да ушундай эле тартипте эскертүү берилди. Партия санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузуп Жеңиш аянтында концерттик иш-чара өткөргөн.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.
Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Референдумду өткөрүү үчүн 2 483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде. Ал эми шайлоого 2 273 тилке ачылды. (BTo)
Дагы караңыз
Султанбеков менен Сагымбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдүНавальный абакта чогуу отургандардан кургак учук чыкканын билдирдиФарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды«Бешинчи каналдын» кызматкерлери айлыкка байланыштуу эки башка маалымат таратышты Бишкекте жылуулук берүү токтотулдуШайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттүПутин президенттик мөөнөттөрүн «жокко чыгаруу» тууралуу мыйзамга кол койдуБелгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болду