Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

«Бешинчи каналдын» кызматкерлери айлыкка байланыштуу эки башка маалымат таратышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бешинчи каналдын» кызматкерлеринин кайрылуусун каналдын жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Шайырбек Эркин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Ага ылайык, буга чейин каналга бюджеттен 20 млн. сом бөлүнүп турган. Өкмөт быйыл акчаны үнөмдөп, кызматкерлерди оптимизациялоо талабын койгон. Каналдын ошол кездеги жетекчиси Эрнис Кыязов кызматкерлердин санын кыскартуу же айлыкты 10-20 пайызга азайтууну сунуштап, каналдын эмгек жамааты экинчи вариантын тандап алган.

Каналдын кызматкерлери кийин жетекчи алмашып Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалганын, ал кызматкерлер менен макулдашпай туруп оптимизация долбоорун бекитип салып, көпчүлүк кызматкерлердин айлыгы алгач айтылгандан да көп кыскарып кеткенин билдирди.

Кайрылууда Рахат Сулайманов экинчи жолу оптимизация жасап, дагы бир катар кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайганы жазылган. Бул эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалганы, айлык азайганына байланыштуу 7-8 киши жумуштан кеткени айтылды.

Буга байланыштуу алар президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакировго, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге кайрылышты.

«Бешинчи каналдын» директору Рахат Сулайманов кайрылуу боюнча комментарий берүүнү туура көргөн жок. Каналдын алып баруучусу Мейкин Баатырбеков жетекчиликке карата айтылып жаткан сын-дооматтарды четке какты.

«Жалпы эмгек жамааттын атынан кайрылган туура эмес. Аны 3-4 гана адам жазган. Экинчиден, айлыкты кыскартуу буга чейинки жетекчинин убагында эле болгон. Баары чечилгенден кийин азыркы жетекчи кол коюп эле койгон».

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. Каналды жеке жактарга сатуу тууралуу демилге утур-утур көтөрүлүп турат.

Мейкин Баатырбековдун сөзү боюнча, «Бешинчи каналда» 70ке жакын адам иштейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG