Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

Султанбеков менен Сагымбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү


Темирлан Султанбеков жана Канат Сагымбаев. Коллаж.
Темирлан Султанбеков жана Канат Сагымбаев. Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди үй камагына алуу боюнча чечимди жокко чыгарды.

Судья алардын бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тил каты менен алмаштырды. Бул тууралуу Султанбеков соттук отурумдан чыккандан кийин билдирди.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Фарид Ниязов жана Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG