Белгилүү офтальмолог Михаил Медведев коронавирустан каза болду

Михаил Медведев.

5-апрелде Бишкекте белгилүү офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев маалыматты ырастады. Ал коронавирустан Михаил Медведевдин эки өпкөсү кагынып ооруканага түшкөнүн, абалы жакшырып бир-эки күндө үйүнө чыгат деп турганда каза болуп калганын билдирди.

Михаил Медведев 1957-жылы туулган. Караганда мамлекеттик медициналык институтунун жалпы медицина адистигин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. (BTo)

Дагы караңыз

Султанбеков менен Сагымбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдүБоррел Евробиримдик Украинаны кыйшаюусуз колдоорун билдирдиНавальный абакта чогуу отургандардан кургак учук чыкканын билдирдиЛивиядан чет элдик жалданма жоочуларды чыгарууга чакырык ташталдыОшто «Ишеним» партиясы алдамчылыкка шектелген талапкерин тизмеден чыгардыФарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү узартылды«Бешинчи каналдын» кызматкерлери айлыкка байланыштуу эки башка маалымат таратышты Нарында блогер Кокуловду колдогон акция өттү