Парламент Жогорку соттун төрайымын кызматтан убактылуу бошотту

Гүлбара Калиева.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун бүгүн 31-мартта парламентке президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген. Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Дагы караңыз УКМК менен Жогорку соттун тиреши

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе ал камакка алынарын айткан болчу.

Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бул айтылгандарды "негизсиз" деп билдирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гүлбара Калиева: Сот бийлиги кризисте

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып жатканын, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деп шек саналып жатканын билдирген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган ал айыптарды ошол кезде четке каккан. (MiK)

Дагы караңыз

Ош: Тоолуу аймакта жашагандар өкмөттөн жардам сурап жатышат Коронавируска каршы жаңы чектөөлөр боюнча чечим кабыл алынатКыргызстанда талаштуу 63 жайыт барCOVID-19: Министрлик ооруган дарыгерлердин арызын кабыл алууну токтотту 13 жаштагы секелекти зордуктагандарга сот өкүмү чыкты