Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Ош: Тоолуу аймакта жашагандар өкмөттөн жардам сурап жатышат


Ош облусундагы айылдардын бири.
Ош облусундагы айылдардын бири.

Ош облусунун тоолуу аймактарында жашагандар өкмөттөн жардам сурап жатышат. Бул тууралуу 31-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди:

“Чоң-Алай, Алай, Талдыктын ары жагында 50-60 метр кар түшүп, эл мал-жандык өлүп, машинелер от албай жатканына арызданууда. Чынында кыйын болуп жатат. Талдык ашуусунан аша албай, эки күндөп жолдо калып, мамлекеттен жардам сурап жатышат”.

Ош облусунда убактылуу жабылган эки жол тилкесинде тазалоо иштери жүрүп жатканын 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Алай районунда 29-мартта Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун 165-чакырымында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүп (көлөмү 14 400 куб метр), унаа жол жабылган. 30-март күнү тартылган техниканын жардамы менен унаа жол бир тараптуу ачылып, жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Кара-Кулжа районунда 31-мартка караган түнү Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50 куб метр таш түшүп, жол жабылган. Жабыркагандар катталган жок.

Соңку бир жумадан бери Кыргызстандын тоолуу аймактарында туруксуз аба ырайы сакталууда. ӨКМ айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG