Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Жогорку соттун төрайымына иш козголду


Гүлбара Калиева жана Камчыбек Ташиев. Азаттыктын коллажы.
Гүлбара Калиева жана Камчыбек Ташиев. Азаттыктын коллажы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун билдирди. Ташиев Тартип комиссиясы аны жоопко тартууга макулдук берсе, камакка алынарын белгиледи.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун айтты.

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат. Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе, биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат».

Ташиевдин айтымында, сөз «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруудагы коррупция тууралуу болуп жатат жана бул үчүн эки ишкананын жетекчиси кармалган. Атайын кызмат Жогорку сот IT-компания менен жасалма келишим түзүп, мамлекетке 8 миллион сомдой зыян келтирген деп эсептейт.

Жогорку сот көп узатпай билдирүү таратып, атайын кызматтын айыптоолоруна жооп кайтарды. Мекеменин басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева төрайымга коюлган айыптар негизсиз экенин билдирди:

“Автоматташтырылган маалыматтык “Жергиликтүү сот” системасы боюнча долбоор Европа Биримдигинин “Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү” долбоору алкагында ишке ашырылууда. Ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзөт. Ошондуктан Жогорку соттун жетекчилиги жана кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүү боло албайт”.

Изати Шүкүралиева сот бутагынын өкүлдөрүн айыптаган ачык билдирүүлөр сот бийлигин жаманатты кылары, мындай көрүнүш элдин сот органдарына ишенимин жоготуп, мыйзамга каршы келерин кошумчалады. Жогорку сот ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясы (айып далилдене электик) жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири экенин эскертип, айыпталып жаткан адамдын күнөөсү далилденип, сот өкүмү күчүнө кирмейинче ал айыптуу деп эсептелбей турганын белгиледи.

Бирок ушул тапта сотторду жазага тартууга макулдук берген Тартип комиссиясынын иши токтоп турат. Аталган комиссиянын жаңы курамы толук түзүлө элек. Буга чейин иштеген комиссиянын иштөө мөөнөтү өткөн айда аяктаган. Ошондуктан алар Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага байланыштуу маселени карар-карабасы белгисиз. Тартип комиссиясынын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева буларды айтты:

“27-ноябрда Тартип комиссиясынын алты адамдан турган жаңы курамы ишин баштаган. Бирок президенттин квотасы менен келген бир адам башка кызматка кеткендигине байлашыштуу курамдан чыккан. Ушул тапта Тартип комиссиясынын беш мүчөсү бар. Мыйзамга ылайык, комиссияга мүчө тогуз адамдын кеминде алтоо болгондо гана алар кеңешме өткөрө алат. Ошондуктан квота жоктугуна байланыштуу алар жыйындарын токтоткон. Тартип комиссиясынын курамында тогуз киши болот. Үч судьянын талапкерлигин Жогорку Кеңеш, үчөөнүкүн президент, калганын Жогорку сот көрсөтөт. Учурда Жогорку Кеңеш өз талапкерлерин көрсөтө элек”.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, соттор кол тийбестикке ээ жана үч бийлик бутагынын бири катары көз карандысыз иш алып барат. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкаркы учурларда камакка алынбашы керек.

Жогорку соттун төрайымына карата козголгон кылмыш иши коомчулукта ар түрдүү талкууланып жатат. Айрымдар муну сот системасына карата басым катары санашууда. Саясатчы Бектур Асанов буларга токтолду.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

“Буга чейинки бийликтин жасаган иштери уланып жатат деп айтсак болот. Сотко “кол баладай” кылган мамиле бийлик алмашса да өзгөргөн жок. “Керек болсо, мурунку бийликке караганда биз силерди ачык талкалайбыз” деген ишарат болууда. Кол бала эле эмес, айтканын кыңк дебей аткарган акыбалга алып келүү аракети болуп жатат. Атайын кызматтын бул аракети туура эмес. Тартип комиссиясы уруксат бергенден кийин гана ачыкка чыгарышы керек эле. Эртең Башкы прокуратура “бул доомат жүйөсүз” деп четке кагып коюшу толук мүмкүн”.

Айрым эксперттер сот системасы талкаланып, элдин ишеничинен чыкканын, коррупцияланышкан мекемеге айланганын белгилеп келишет.

Октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алып, кийин президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын өкмөттүн 29-октябрдагы жыйынында билдирип, "жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл экенин" айткан.

Кийинчерээк ал «эч бир олигархты же кайсы бир аткаминерди калкалабайм. Мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо, мейли, ким болбосун, жооп берүүгө тийиш» дегенин белгилеп, «элдин мүлкүн кайтарып беришсин» деп билдирген эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керектигине токтолду.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

“Бул иш УКМКнын коррупцияга каршы күрөштө сенсация жараткан элементи катары болуп жатат. Кайсы бийлик бутагынын башында турса да мыйзамдын алдында бардыгы бирдей болушу керек. Бул коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканынын далили. Ушундай ыргак менен күрөш уланса, эффективдүү жыйынтыгын берет. Ошондуктан мындай аракеттерди колдошубуз керек. Конституциялык реформанын алдында мыйзам чыгаруу, аткаруу же сот бийлиги кылмыш иштерине малынып калганынын белгисин көрүп жатабыз”.

Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Атайын кызмат бир апта мурда Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу үчүн шектүү катары камакка алынганын кабарлаган. Колго түшкөн судья өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага көп миллиондогон сом чыгым келтиргени айтылган.

XS
SM
MD
LG