Сузак: Депутат менен айыл аймак башчысынын жаңжалы териштириле баштады

Мирлан Калмаматов

Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сыргак Замирбек уулу менен ушул айыл аймактын башчысы Мирлан Калмаматовдун ортосундагы тирешти райондук милиция иликтеп жатат. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин билдиришинче, окуя боюнча арызды 31-мартта Сыргак Замирбек уулунун жубайы Айтурган Асеинова жазган.

Арызда, 30-март күнү түнкү саат он чамасында Талаа-Булак айылындагы Сыргак Замирбек уулунун үйүнө Мирлан Калмаматов дагы бир шериги менен бычак көтөрүп келип, Айтурган Асеиновага жолдошун таап келүүнү талап кылып, опузалаганы жазылган.

Калмаматов арызда жазылган дооматтарга макул эмес. Ал бычак көтөрүп, Сыргак Замирбек уулунун үйүнө барбаганын айтууда.

Райондук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат. (MiK/TB)

Дагы караңыз

COVID-19: Эмдөө Кыргызстандын бардык аймактарына эки ай ичинде жететЖогорку Кеңеш коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат угат Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты Ош: Тоолуу аймакта жашагандар өкмөттөн жардам сурап жатышат COVID-19: Дагы бир адам каза болду, вирус 98 кишиден табылды Депутат айрым кара жолдордо 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүүнү сунуштады