Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Депутат айрым кара жолдордо 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүүнү сунуштады


Кыргызстандагы авто жолдордун бири.
Кыргызстандагы авто жолдордун бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берүүнү сунуштады. Мындай маселени депутат 30-марттагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү бул боюнча өкмөттүн токтому чыкканына карабай, эмне үчүн ишке ашпай жатканына кызыкты.

“Азыр 90 менен жүргөн эч ким жок. МАИлерге гана айып төлөп жатабыз. Бишкектен Нарынга, Бишкектен Балыкчага бараткан жолдордо уруксат берсе болот”, - деди депутат.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүү үчүн атайын жол аныкталып, изилденип бүткөндөн кийин ишке ашаарын билдирди.

2019-жылы Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

Бул сунушту Ички иштер министрлиги (ИИМ) киргизген. Министрликтин көз карашында, ылдамдыктын чегин көтөрүү жолдордогу автоунаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырат. Ылдамдыктын чеги жолдун шарты коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү керектиги белгиленген.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG