Орусия: Пенза облусунун губернатору Белозарцев пара алууга шектелип кармалды

Иван Белозарцев

Орусиянын Пенза облусунун губернатору Иван Белозарцев коррупцияга айыпталып кармалды. Тергөө комитети 21-мартта Белозарцев 31 миллион рубль пара алууга шектелип жатканын билдирди. Губернатор менен бирге Пензадагы ишкер, “Биотек” дарыканалар түйүнүнүн кожоюну Борис Шпигель, анын жубайы жана бир нече адам кармалганы белгилүү болду. Алар күнөөнү моюнуна албай жатканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ишкер дары-дармек, медициналык жабдыктар боюнча келишим түзүү үчүн губернаторго пара берген. Пара 2020-жылы берилип, ага кымбат баадагы Mercedes автомашинасы, Breguet үлгүсүндөгү саат да кирген.

Жакынкы убакта Иван Белозарцевдун бөгөт чарасы каралат, ал тергөө абагына камакка алынышы мүмкүн.

Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү, орус президенти Владимир Путиндин колдоочусу Белозарцев Пенза облусун 2015-жылдан бери башкарып келе жаткан.

Дагы караңыз

Кытайда кармалган Канаданын жаранынын үстүнөн сот башталдыБажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагыла«Жерүйдө» 18 адамдын тамакка ууланганы тактала баштадыАКШ коргоо министри Остин Кабулга бардыЕвробиримдик «Sputnik V» вакцинасына муктаж эмесБШК референдумга дагы эки үгүт тобун каттадыКоронавирус 73 кишиден аныкталды, анын көбү БишкектеКыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо башталдыТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 800 млн. куб метрге түштүБлинкен НАТОдогу өнөктөштөр менен сүйлөшүү үчүн Европага жөнөдүДепутат Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы 106 тонна алтынды иштетүүнү сунуштадыСирияда госпиталды аткылоодон алты киши набыт болду