Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун текшерди.
Анын жыйынтыгында облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга деп “Кумтөр Голд” компаниясынан бөлүнгөн каражаттар максатсыз колдонулганы аныкталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Башкы көзөмөл орган имараттардын курулуштарында, капиталдык оңдоолорго деп бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз пайдаланылганын белгилейт. Прокуратуранын эсептөөсүндө, жогорудагы мыйзамсыз иштерден 2015-2020-жылдары казынага 150 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда Башкы прокуратура 319-берене менен (“Коррупция”) кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.
"Кумтөр" алтын кен долбоорун иштеткен "Центерра" компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык жылдык тапкан кирешесинин 2 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которот. (TSh)
Дагы караңыз
Чет өлкөлүк ишкердин соту 18-мартта башталатМинистр: Коронавирус илдети күчөсө, чектөө болушу мүмкүнАКШ Кыргызстандын Ирактан балдарды алып келгенин кубаттадыMуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкканы белгилүү болдуАба ырайы: Кар, жаан жаайтБУУнун чабарманы Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн жаңы формат түзүүнү сунуштадыБлинкен АКШ-Жапония алакасын бекемдөөгө чакырды"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмаштыӨкмөт: Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөтАктивист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө