"Мегаком" компаниясынын башкы директору алмашты

"Мегаком" компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси

"Мегаком" деген соода бренди катары таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын башкы директору алмашты.

Аталган компаниянын маалыматына караганда, Акылбек Жамангулов башка ишке өткөнүнө байланыштуу 16-марттан тартып өз каалоосу менен башкы директорлук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Ордуна Азат Базаркулов дайындалды. Ал буга чейин "АКнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору болуп иштеген. 2012-2018-жылдары "Альфа Телекомду" жетектеген.

Ал эми Акылбек Жамангулов компанияны 2018-жылдын 24-октябрынан бери башкарып келген. Анын кайсы кызматка барганы маалымдала элек. (NT)

Дагы караңыз

Активист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдөСадыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойтӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиCургутта балдары өрттөн чарчап калган келиндин абалы оор экени айтылдыТер-Петросян Армениянын премьер-министрин тез арада кызматтан кетүүгө чакырдыИрактан 79 баланы Кыргызстанга алып келишти