Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Тер-Петросян Армениянын премьер-министрин тез арада кызматтан кетүүгө чакырды


Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян менен саясатчы Никол Пашинян оппозициялык жыйында. Ереван. 2011-жылдын 31-майы.
Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян менен саясатчы Никол Пашинян оппозициялык жыйында. Ереван. 2011-жылдын 31-майы.

Армениянын пост-советтик туңгуч президенти болгон, учурда "Армян улуттук конгрессин" жетектеген Левон Тер-Петросян азыркы премьер-министр Никол Пашинянды "улуттук кызыкчыктардын таламында" токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.

Тер-Петросян Пашинян өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, ага парламент тарабынан "кол тийбестиктин укуктук кепилдиги" берилиши зарыл жана ал өлкөдөн жок дегенде убактылуу чыгып кетиши абзел деди.

Оппозициячыл лидер, мурдагы президент Левон Тер-Петросян. Ереван. 2015-жылдын 1-марты.
Оппозициячыл лидер, мурдагы президент Левон Тер-Петросян. Ереван. 2015-жылдын 1-марты.


Интернеттеги Ilur.am жаңылыктар барагында жарыяланган макаласында 76 жаштагы мурдагы президент Тер-Петросян эгер ушул кадамдар жасала турган болсо, анда кайсы бир бейтарап вице-премьер премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп, кезексиз парламенттик шайлоону уюштурууда бейтараптуулукту сакташы керек деп билдирген.

Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн салгылашууда жеңилүү ызасын тарткандан кийин, оппозиция Пашиняндын дароо кызматтан кетишин талап кылууда.

Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык жыйындарды өткөрүп келет.

Пашинян кызматтан кетүүдөн баш тартууда, бирок белгилүү бир шарттарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону кабыл алууга макул экендигине ишаара кылды.


Тер-Петросян өлкөдө 1991–98-жылдары президент болгон. Демек, анын бийлигинин тушунда армян аскерлери Азербайжандын ичкерисиндеги айрым аймактарга көзөмөл кылып калган болчу.

Ал оппозициядагы “Мекенди Куткаруу” кыймылынын лидери жана 1996-жылдагы президенттик шайлоодо өзүнө каршы атаандаш болуп чыккан Вазген Манукяндын өкмөт башчы Пашиняндын алдыдагы шайлоо жүрүмүн көзөмөлдөө үчүн премьер-министрдин милдетин аткарып кала бериши - кабыл алынгыс экендиги тууралуу пикирин жактаарын да кошумчалаган. (TT)

XS
SM
MD
LG