Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчы Кыргызстан конституциялык реформаларга карабай демократиялык мамлекет бойдон калаарын, парламентаризм элдин ишеничин актабагандыгын, оппозицияга мамилесин, тышкы саясатта коңшулар менен жакшы мамиле түзүлө баштаганын, Сохто коридор ачылбастыгын, тышкы карызды төлөөгө ички булактар бардыгын айтып, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимовго карата бийликтин мамилеси сыяктуу дагы бир катар талылуу суроолорго жооп берди.
"Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат"
"Кыргыз Республикасы - демократиялык мамлекет бойдон калат", -деп билдирди президент Садыр Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунун маалында.
Анын айтымында, азыр "Кыргызстанда саясий куугунтук жок". Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу, деген суроосуна Жапаров "Абдил Сегизбаевге карата кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, андан башка 15-16 талапкерге эч кандай куугунтук болбогонун", айтты.
Ошол эле маалда Садыр Жапаров оппозция менен кызматташууга даярдыгын, алардын аттуу-баштууларын кабыл алып, Конституция, тышкы карыз боюнча суроолоруна жооп берип, сунуштарын угуп жатканын да кошумчалады.
Мамлекет башчысы аялдардын укуктары боюнча суроого жооп берип жатып, аларга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктун түпкү себеби - акыркы 15-25 жылдагы экономикалык кыйынчылыктарда, миграциянын күчөп кеткендигинде экенин белгиледи.
"Балдар каралбай, ата-энелери мигрант болуп кетишти. Ошол балдардын алды үйлөнө башташты. Кенемтени толтуруу үчүн мамлекеттик олуттуу программалар иштейт", - деди Жапаров.
Мамлекет башчысы ошондой эле сөз эркиндиги жана журналисттердин жеке коопсуздугу да сактала турганына кепилдик бардыгын интервьюсунда бекемдеди.
"Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот"
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында айтты.
“Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты "жиликтеп", үйрөнүп калды", - деди президент.
Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.
11-мартта Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.
Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандашкан.
Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.
Жаңы долбоор боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.
2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.
Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.
"«Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес"
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди. Ал Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн айтты.
Анын сөзүнө караганда, Өзбекстан менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калган жок. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып, тиешелүү документтерге кол коюп келет.
Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу суроого да жооп берди.
«Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен», деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат. Ал эми Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) боюнча Шавкат Мирзиёев «Биз талашпайбыз (претендовать этпейбиз), силерге таандык боло берсин» деди» - деп билдирди президент.
13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат таратып, ырасмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген.
Социалдык тармактарда бул маалымат кызуу талкууга жем таштаган.
Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени кабарланган. Ага чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу да ачылары белгиленген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак өзүнө караштуу экенин билдирген.
Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып келди.
"Мындан ары саясий куугунтук болбойт"
Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди.
Өлкө башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду.
«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», - деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, Абдил Сегизбаевге кылмыш иши ал президенттик шайлоодо талапкер болгонго чейин эле козголгон. "Андан тышкары да Сегизбаевге 5-6 иш ачылган", - деди Жапаров.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 26-январда Сегизбаев «Белизгейт» чыры боюнча кармалып, эки айга тергөө абагына камалган.
Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, анын ичинде кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин кабарлаган.
Сегизбаев өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып, ага каршы козголгон кылмыш иштерин бийликтин куугунтугу катары баалап келет.
"Тышкы карызды төлөө үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар"
Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген экслюзивдүү интервьюсу маалында Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн билдирди.
Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Садыр Жапаров бул объекттер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объекттерди алууга укуктары бар экенин айтты, бирок, алар кайсы объекттер экендигин мамлекет башчысы тактаган жок.
Президент мындай келишимге мурдагы бийлик кол койгонун, өз убагында келишимди андан жумшагыраак түзгөнгө мүмкүнчүлүк болгонун айтып, Кыргызстан тышкы карызды азыркы тапта өз убагында кайтарып жатканын жана мындан ары дагы өз маалында төлөй турганын кошумчалады.
«Бул долбоорду мен алам дейт. Мисалы, ЖЭБ, «Түштүк-Түндүк» жолу, «Датка-Кемин». Ошолорго алганбыз да баарын. Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын деле алганга укуктары бар. Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар», - деди Жапаров.
Бирок президент ал кайсы каржы булактары экендигин ачыктаган жок.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган «Датка-Кемин» линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген. «Датка-Кемин» линиясын ишке ашырыш үчүн Кытайдын Эксимбанкынан 389 млн. доллар насыя алынган. Андан мурун «Датка» көмөк чордонун курууга 204 млн. доллар насыя алынган.
ЖЭБди оңдоого Кытай Бишкекке 386 млн. доллар карыз берген. Бул боюнча келишим 2013-жылы түзүлүп, модернизация 2017-жылы бүткөн. «Түштүк-Түндүк» альтернативалуу жолун куруу долбооруна 850 млн. долларга келишим түзүлгөн. Анын курулушу 2014-жылы башталган, иш 2022-жылы бүтөрү айтылган.
2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз. Эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт.
"Көлбаев боюнча АКШдан далилдерди сурадык"
Президент Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүү адамдар боюнча кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди.
Жапаровдун айтымында, АКШ кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат. Бул үчүн мамлекет башчысы АКШны сындады.
Экономикалык кылмыштарга шек саналган Шадиевден башка дагы бир нече саясатчылар АКШда жүргөнүн айткан Жапаров башка чиновниктердин атын атаган жок.
«Мен Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШнын элчилигине «Кылмыш ишин бизге берсин (ред: Камчыбек Көлбаевдин), фактыларын, далилдерин бизге берсин, биз ачык соттоп берели. Элчилигинен келип сотко катышсын» дедим. Биз карабай койсок айтса болот эле. Ал башында (ред: Камчыбек Көлбаев) «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен камалган экен. Азыр бир нече сумма төгүптүр. Калганын азыр чыгып төгүп берип жатат. Ал киши өлтүргөн жок. АКШ «Ал маңзат ташыган, фактылар бар» деп атат. " (Фактыларды - ред.)...бер" десек бирок, бербейт», - деди .
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.
Бишкек шаардык соту 2-мартта аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошоткон.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 250 млн. сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду. Тергөөнүн мөөнөтү бүткүчө же апрелдин аягына чейин калган акчаны кайтаруу боюнча аракет көрүлүп жатат.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин бошотулушуна байланыштуу 3-мартта тынчсыздануусун билдирген. АКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарды бөлүшкөндөргө бериле турган сый акынын өлчөмүн 5 млн долларга чейин көбөйткөн.
46 жаштагы Көлбаев мындан туура 8 жыл мурда «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деген айып менен 3 жылга соттолгон. Ал 2014-жылы 8-июнда эркиндикке чыккан.
АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары «кара тизмеге» киргизген.
"Китеп жазып жатам"
"Азаттыкка" берген интервьюсу маалында президент Садыр Жапаров буга чейин “Саясаттагы 10 жыл” деген китепче чыгарганын, ал 2005-жылдын 2015-жылга чейинки саясаттагы басып өткөн жолун камтыганын, эми анын 2-китебин жазып жатканын билдирди.
"2017-жылы март айында келгенде мени камап коюшту. Мени менен кошо 13 кишини камады. 3,5 жыл жаттым. Келгенде кантип камады, түрмөдө кимдер менен кандай сүйлөштүм, саясатта эмне болду - мен баарын абакта жатканда күндөлүк катары жазып тургам. Анын негизинде кызыктуу китеп болот. Эми азыр убактым аз болуп жатат", - деди президент.
Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан 2020-жылдын 5-октябрына чейин абакта болгон. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо 80%га жакын добуш алып, мамлекет башчы болуп шайланган. Алгачкы чет мамлекеттерге сапарын Орусия, Казакстан, Өзбекстандан баштады.
"Азаттык" радиосуна Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчи ирет интервью берип отурат.