Ошто жергиликтүү шайлоого тогуз партиядан 702 талапкер катышууда

Ош шаары.

Ош шаарында жергиликтүү кеңештеги 45 орунга тогуз партиядан 702 талапкер ат салыша баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргалбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, шаарда 78 шайлоо участогу бар, 151 миң шайлоочунун тизмеси даярдалууда:

«Контролдук тизмелер түштү. Бардык шайлоо комиссияларына таратып бердик. Ар бир комиссияда мүчөлөр иштеп жатат. Суроолор болсо шайлоочулар өз участогуна барып кайрылса болот».

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шаардык кеңештерге үгүт бүгүн, 12-мартта башталды.

Ош шаардык кеңешине аттангандар – «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт» жана «Республика» саясий партиялары. (DU)

Дагы караңыз

Бишкек: 45 депутаттык мандат үчүн 1820 талапкер ат салыша баштады Батукаев иши: Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тарттыКыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда унаа каттамдары жанданатЖаңы паспорт берүү мөөнөтү дагы узарды, жооптуу жетекчилердин бири иштен алынды