Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Жаңы паспорт берүү мөөнөтү дагы узарды, жооптуу жетекчилердин бири иштен алынды


Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.
Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.

Кыргыз өкмөтү жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө көйгөй жаралгандыктан чет жакта жүргөн жарандардын паспортунун мөөнөтүн убактылуу узартты. Бул тууралуу 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерге кайрылып, ошол жакта жүргөн кыргыз жарандарынын паспортунун мөөнөтү быйылкы жылдын 1-сентябрына чейин узартылганы тууралуу маалымат бериши зарыл.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алды.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин апрелде берилет деп маалымдалган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык биометрикалык үлгүдө болбогондуктан, АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген. (RK)

XS
SM
MD
LG