Жапония Фукушимадагы кырсыктын 10 жылдыгын эскерүүдө

Япония, 2021-жылдын 11-марты.

Жапония мындан туура 10 жыл мурда болгон катуу цунаминин курмандыктарын эскерип жатат.

Табияттын албуут кырсыгынан кийин Фукушима атомдук станциясы жарылган болчу.

Аман калгандар бир мүнөт унчукпастан курман болгон жакындары үчүн сыйынып, алардын жаркын элестерин эскеришти. Император Нарухито өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана аймакты калыбына келтирүү иши аягына чыга электигин белгиледи.

2011-жылдын 11-мартында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө цунамиге алып келип, шаар-кыштактар, инфраструктура кыйрап калган. Кырсык 18 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган. Жарым миллиондой киши жер которууга аргасыз болгон. 10 жыл өтсө да 40 миңден ашуун жергиликтүү тургун үйүнө кайта албай жатат.

Фукушима Даичи атом станциясы аварияга учурагандан кийин айланасы дагы деле радиокативдүү кооптуу аймак деп саналат.

Жолдорду, турак жайларды жана башка керектүү объекттерди кайра курууга 30 триллион йен (280 миллиард доллар) жумшалганы менен жээкке жакын жерлер бош бойдон калууда.

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталдыПандемия жарыяланганына бир жыл болдуТИМ: Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын “Жол картасы” түзүлүүдөПрезиденттикке ат салышкан 11 талапкердин 11 миллион сомдук күрөөсү мамлекетке которулдуЖогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум тууралуу мыйзамды толук колдодуДепутат Бакиров: Өкмөт иштебей жатат, кымбаттоо чоң чыңалууга алып келетДепутат Исманов административдик ресурс тууралуу: Эч нерсе өзгөрбөптүрКоронавирус бир күндө 52 кишиден расмий аныкталды