Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Депутат Исманов административдик ресурс тууралуу: Эч нерсе өзгөрбөптүр


Самат Исманов.
Самат Исманов.

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоо алдында административдик ресурсту колдонуу сыяктуу көрүнүш уланууда. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, таза атаандаштык болушу керектигин белгиледи:

“Жергиликтүү шайлоого жергиликтүү бийликтин катышуусу... Эч нерсе өзгөрбөптүр. Бюджеттин эсебинен жасалган нерсени өзүнө жазганы ал башкасы, эми муниципалдык ишканалардын чоңдорун, мэриянын кызматкерлерин, квартал башчыларын баарын бир партияга иштетип жатышканын угуп жатабыз. Жергиликтүү жетекчилер болгон күчүн, административдик ресурсту колдонуп, келе жаткан шайлоого иштетип жатат”.

11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот.

Административдик ресурстун кеңири колдонулушу 2020-жылдын октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышынын жана анын натыйжасында өлкөдө бийликтин алмашуусунун негизги себептеринин бири болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG