Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Коронавирус бир күндө 52 кишиден расмий аныкталды


Чүй облусу. 2020-жыл. Пандемияда коомдук жайларда жарандардын дене табын текшерүү учуру.
Чүй облусу. 2020-жыл. Пандемияда коомдук жайларда жарандардын дене табын текшерүү учуру.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 52 кишиден жаңы аныкталды. Киши өлүмү катталган жок.

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 11-мартта билдирди.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 692 киши болду. Анын 83 718и айыгып чыкты.

Азыр 291 киши ооруканаларда жатат. Анын 15инин абалы өтө оор, 79 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 264 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG