Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда.
Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыкканын "Азаттыкка" айтып берди.
Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылууда.
Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. "Макул" деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон.
Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шектелип 15-январда кармалган болчу. Сот анын бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.
Депутаттын өзү "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ага коюлган айыпты "баардыгы жалган жалаа" деп, өзүнүн кармалышын "аша чабуу" деп баалады.
Буга чейин Төрөкуловдун абактан бошотулганы тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу. (RK/BTo)
Дагы караңыз
Депутат Исманов административдик ресурс тууралуу: Эч нерсе өзгөрбөптүрБаш мыйзам: абактагы депутат парламентке келдиТүркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскерттиНарында эки адам «Йакын инкар» агымынан чыктыКүйүүчү майдын күн санап өскөн баасыКоронавирус бир күндө 52 кишиден расмий аныкталдыЖарандык көзөмөл комитети аялдар тууралуу насааттарга түшүндүрмө берүүгө муфтиятты чакырдыЧехиянын президенти «Спутник V» үчүн министрдин кызматтан кетишин талап кылды