Крым татарлар улуттук кыймылынын лидерлеринин бири Мустафа Жемилев 2034-жылга чейин Крымга аймагына кире албайт.
Ата-тегинен бери крымдык болгон 77 жаштагы саясатчы Жемилевге мындай чечим ага козголгон кылмыш иштин алкагында кабыл алынган. Ага ылайык тыюу салуу жөнүндө чечим 2019-жылы 5-мартта кабыл алынып, 2034-жылга чейин күчүндө калат.
Ушу тапта Крымдагы Армянск шаарында Мустафа Жемилевдун үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Ага карата Крымга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган, мыйзамсыз курал-жарак сатып алып, аны сактаган, деген беренелер боюнча сыртынан айып тагылган.
Дагы караңыз Жемилев: Орусия Крымга миллион кишини отурукташтырдыЖемилев бул айыптарды толугу менен четке кагып келет. Диссиденттин тарапкерлери Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы чыкканы үчүн жарандык активист дал ушундай куугунтукка кабылып жатканын белгилешет.
Мустафа Жемилев баштаган крым татарлары жарым аралдын Кремль тарабынан анексияланып алышын эч убакта тааныбай турганын айтып келишет.
77 жаштагы Жемилев Совет доорунда адам укугун коргоочу активист катары 6 жолу соттолуп, 1966-86–жылдардын аралыгында түрмөдө олтурган. Кийин 1998-жылдан тартып ал Украинанын Жогорку Радасына катары менен 7 жолу депутат болгон.
Дагы караңыз Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз2014-жылы Орусия Крымды каратып алган маалда Жемилев Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп чыгып, жарым аралда бир тараптуу басып кирген орусиялык жоокерлердин көзөмөлүнүн кырдаалында Крымдын макамы боюнча өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын тааныган эмес.
Дагы караңыз
"Азаттыктын" тажик кызматынын журналисттерине кол салуу болдуЧүйдөгү жер басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголдуРим папасынын Иракка сапары башталдыКара-Сууда мектептеги өрттүн себеби иликтенүүдөАКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сый акыны 5 млн. долларга көбөйттүКытай Гонконгго көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдөКоронавирустан дагы эки киши кайтыш болду, илдет 41 адамдан аныкталдыӨзбекстан бейөкмөт уюмдарга сырттан көбүрөөк каражат алууга уруксат берди