Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

АКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сый акыны 5 млн. долларга көбөйттү


 Камчыбек Көлбаев кармалган учур. 22-октябрь, 2020-жыл.
Камчыбек Көлбаев кармалган учур. 22-октябрь, 2020-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобунун каржы схемасынын бетин ачууга өбөлгө түзө турган маалыматтар үчүн сый акынын көлөмүн 5 млн. долларга көбөйттү.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда сый акы Мамлекеттик департаменттин Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын (TOCRP) алкагында берилет.

Ал программанын жардамы менен 75тен ашык трансулуттук кылмышкерлер жана наркобарондор жоопко тартылган.

Маалыматтарды АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA) менен Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) +1 202-643-0383 номери аркылуу, WhatsApp, Telegram, Signal мессенжерлеринде да кабыл алат.

Каалоочулар АКШнын жакын жайгашкан элчилиги менен консулдугуна барса же Kolbayev_Tips@usdoj.gov электрондук дарегине кат жолдосо болот.

Мамлекеттик департамент маалымат бергендердин аты-жөнүнүн купуялуулугу камсыздалаарын айтууда.

Камчыбек Көлбаев 2000-жылы бир нече кылмыштарга айыпталып 25 жылга соттолгон. 6 жылдан кийин түрмөдөн качып кеткен Көлбаевди 2007-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы "эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери" деп атаган.

2008-жылдын 23-апрелинде ал Москвада орусиялык уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери тарабынан "мыйзамдагы ууру" атыгып, "таажы кийгени" тууралуу маалыматтар айтылып келет.

2011-жылдын июнунда АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманын администрациясы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги Көлбаевдин кылмыштуу тобу КМШ өлкөлөрүнүн уюшкан топторунун “Агайындар шеринеси” аттуу синдикатына мүчө экенин жарыя кылган.

Андан кийин 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчыбек Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сый акы жарыялаган.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен 3 жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

УКМК Көлбаевди былтыр 22-октябрда кайрадан Бишкекте кармаган. Аны колго түшүрүү учурунда атайын техника колдонулуп, кармоо операциясынын видеосу коомчулукка жарыяланган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. Бишкек шаардык соту 2021-жылдын 2-мартында аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен абактан бошотту.

УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду деген түшүндүрмө берген.

АКШ элчилиги анын үй камагына чыгышына тынчсыздануусун билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG