Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

Рим папасынын Иракка сапары башталды


Рим папасы Франциск Иракка сапар алууда
Рим папасы Франциск Иракка сапар алууда

Рим папасы Францисктин Иракка сапары башталууда. Төрт күнгө созулган сапар алдында католик понтифиги соңку жылдары согушка дуушар болгон бул өлкөгө “тынчтык зыяратчысы” катары бара жатканын билдирген.

4-марттагы видеокайрылууда 84 жаштагы Франциск “башка диндеги боордошторго” кол сунарын билдирди. Ал акыркы жылдары Ирактагы христиан жамааты абдан көп запкы тартканын эске салды.

“Мен силер менен жолугуп, жүзүңөрдү көрүп, цивилизациянын бешиги болгон байыркы жериңерге баргым келет,”-деп билдирген Рим папасы ирактыктарга кайрылуусунда. Понтифик акыркы жылдары куралдуу жаңжал жүрүп келген Ирактагы тынчтыктын орношу үчүн сыйынарын кошумчалады.

Рим папасы былтыркы коронавирус пандемиясы башталгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапарга чыгып жатат. Бул сапардын алдында Ирактын борбору Багдат жана шийиттердин ыйык шаары саналган Нажафта католик чиркөөсүнүн зыяратын кубаттаган жарнактар илинди.

XS
SM
MD
LG