"Алай" тунистик футболчу Тияни Белаид менен келишим түздү

Тияни Белаид Англиянын "Халл Сити" клубунун курамында оюн талаасында. 2011-жылдын 2-февралы. «Кингстон Коммьюникейшн» стадиону.

Оштун "Алай" футболдук клубу Европанын бир катар футбол клубдарында ойногон, Тунистин футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы мүчөсү Тияни Белаид менен келишим түздү.

Бул тууралуу "Алай" клубунун директору Алмаз Сулайманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, келишим 3 айга түзүлүп, 6-март күнү ал Ош шаарына келээри күтүлүүдө. Футболчу алдыдагы АФК кубогуна тандап алуу оюндарында "Алайдын" курамында ойнойт.

Тунистик Тияни Белаид буга чейинки ойногон командаларында жарым коргоочу болсо, "Алай" командасында чабуулчулук милдетти аткарат.

33 жаштагы Тияни Белаид 2006-жылдан 2015-жылга чейин Тунис өлкөсүнүн улуттук курама командасынын мүчөсү болгон. 2004-2007-жылдары Италиянын "Интер" клубунда, кийин Нидерланддын ПСВ, Англиянын "Халл Сити", Чехиянын "Славия", Кипрдин АПОЭЛ жана Португалия, Болгария, Германия, Тунис, Греция, Индонезия, Бахрейн өлкөлөрүнүн клубдарында ойногон. Ал "Алай" клубуна чейин Ирактын "Эрбиль" клубунун намысын коргогон.

Клуб аралык АФК кубогунун тайпалык оюндары 14-майда башталары белгиленген. Ага Азиянын 33 клубу катышып, 12 тайпага бөлүнүп ойношот. Ага Кыргызстандан "Алай" клубунан сырткары Кыргызстандын учурдагы чемпиону "Дордой" клубу да катышат.

"Алай" F тайпасында Тажикстандын "Худжанд", Түркмөнстандын "Алтын-Асыр", "Дордой" Тажикстандын "Равшан", Түркмөнстандын "Ахал" клубдары менен беттеш өткөрөт. Бул оюндар алгач былтыр, октябрь айында өткөрүлөрү белгиленип, бирок пандемиядан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле. (MrA)

Дагы караңыз

Крым татар коомдук ишмери Мустафа Жемилев Крымга 2034-жылга чейин кире албайтТүркияда 4 жашар кызга ыдык көрсөттү делген адамдын жарандыгы такталуудаБеларус оппозиционери Мария Колесникова АКШнын "Каарман айым" сыйлыгына татыды "Азаттыктын" тажик кызматынын журналисттерине кол салуу болдуРим папасынын Иракка сапары башталдыАКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сый акыны 5 млн. долларга көбөйттүКытай Гонконгго көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө