Конституциянын долбоору: депутаттардын талашы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш 3-мартта Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ парламентте депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрүп, аны колдогондор менен каршы чыккандар өз жүйөлөрүн айтышты. Ортодо үч депутат долбоордун демилгечиси болуудан баш тартты.