«Кызыл-Бел» бажы өткөрмө постунун жетекчиси кармалды

Баткен шаары.

Баткен шаары.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бел» бажы өткөрмө постунун жетекчисин жеке ишкердин арыз менен кайрылуусунан улам кармады.

Бажы постунун (М.Т.) жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн өткөндөрдөн акча өндүрдү деп айыпталууда.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси менен пара өндүрүүгө байланыштуу Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Бажы постунун жетекчиси 26-январда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кармалганын Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Аты-жөнүн толук жарыялаган жок.

Аны кармоо учурунда машинесинен 100 миң сом жана чет элдик валюталар табылып, шектүү акчанын булагын далилдеп бере алган эмес.

«Кызыл-Бел» бажы өткөрмө посту Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. (BCh)

Дагы караңыз

Ош шаарында жер талашкан тургундар пикетке чыгыштыКоронавирус жуккандардын саны 100 миллиондон ашты Конституциянын долбоору: Бюджет боюнча парламентке финансы министри отчёт берет5-6-октябрда жарадар болгондор Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышуудаИИМ: Инаугурация күнү Бишкекте 2,5 миң милиционер иштейт, жол жабылбайт