Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Коронавирус жуккандардын саны 100 миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 100 миллион адамдан ашты. Бул жалпы калктын дээрлик 1,3 пайызын түзөт.

Ушул учурда бир катар мамлекеттер COVID-19дун жаңы түрлөрүн ооздуктоого аракет кылып жатат.

Ал арада өпкөнү сезгенткен илдетке каршы вакцинаны тегиз, калыс бөлүштүрүү жана жарды мамлекеттерге каралашуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты.

Оору жуктуруп алган жана андан ажал тапкан адамдардын саны жагынан Кошмо Штаттары мурдагыдай эле сап башында турат.

АКШда коронавирус жуккандардын саны 25 миллион адамга жетип, оорудан 425 миңден көп бейтап көз жумду.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен 100 миллиондон ашык адамдын теңинен көбү АКШга, Индияга, Бразилияга, Орусияга жана Британияга туура келет.

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер коронавируска кабылгандар алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Өткөн аптада кызматына расмий киришкен Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден шейшембиде дагы кошумча 200 миллион доза вакцина сатылып алынарын билдирди.

Вашингтон жай айларын этектеп же күздүн башы менен жарандардын дээрлик баарын эмдеп үлгүргөнү жатат.

Жо Байден
Жо Байден

"Мен штаттарда, аймактарда вакцинанын жумалык дозасын 8,6 миллиондон 10 миллионго чейин көбөйтө турганыбызды жарыялайм. Биз ушул жайга карата дагы 200 миллион доза вакцина алабыз. Жалпысынан вакцинанын дозасы 400 миллиондон 600 миллионго чейин жетет", - деди Байден.

Шейшембиде Британияда оорудан жан бергендердин саны 100 миңден ашып, бул Европадагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Премьер-министр Борис Жонсон британ үй-бүлөлөрү кабылган жоготууну эсептөө мүмкүн эмес деп айтты.

Европадагы бир катар мамлекеттер коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышынан чочулап чек араларындагы коопсуздук чараларын күчөттү. Ирландия өлкөгө келгендердин баарын милдеттүү түрдө карантинге алуу тууралуу эреже киргизди жана чектөө чараларынын мөөнөтүн 5-мартка чейин узартты.

Германия сырттан келген авиакаттамдардын баарын убактылуу токтотууну караштырып жатат.

Ички иштер министри Хорст Зеехофер вирустун бир катары жугуштуу кооптуу түрлөрү чечкиндүү чараларды кабыл алууга мажбур кылып жатканын айтты.

Исландия вакцинаны толук алган жарандарга атайын күбөлүк берүүдө.

Нидерланддарда коронавирус пандемиясынан улам киргизилген түнкү коменданттык саатка каршы тоз-тополоң менен коштолгон калайман каршылык акциялар төрт күндөн бери токтой элек. Полиция баш-аягы 400дөн ашык адамды камады.

Израилде да чектөө чараларын каршы ашынган ортодокс жөөттөрү нааразылыкка чыкты, анда 14 адам камакка алынды. Бул өлкөдө вакцина таңкыстыгы жаралды.

Анын алдында "Pfizer-Biontech" жана "AstraZeneca" компаниялары Европа Биримдигин вакцина менен камсыздап үлгүрбөй жатканын билдирген. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Шаркет вакцина даярдоо иштерине эпсиз акча коротконун эскертип, аларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

"Европа COVID-19га каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны даярдоого миллиарддаган инвестиция салган. Эми бул компаниялар алган милдеттенмесин аткарышы керек. Алар жоопкерчиликтүү болууга тийиш".

Ал арада вакцинаны калыс, текши бөлүштүрүү, жакыр мамлекеттерге дагы каралашуу маселе күн тартибине чыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус колунда бар өлкөлөрдү "вакцинаны менчиктештирип" алды деп сындап чыкты.

XS
SM
MD
LG