Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Конституциянын долбоору: Бюджет боюнча парламентке финансы министри отчёт берет


Конституциялык кеңешме.
Конституциялык кеңешме.

Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев жаңы өзгөртүүлөргө ылайык бюджеттин аткарылышы боюнча паламентке финансы министри отчет берерин айтты:

«Парламенттик башкаруу болгондо премьер-министр бюджеттин аткарылышы жана башка маселелер боюнча парламентке отчёт берет. Азыр окусаңыздар финансы министри бюджеттин аткарылышы жана башка бардык иштер боюнча парламентке отчёт берет. Эгерде парламент канааттандырарлык эмес деп чечсе, президент ошол артка тарткан министр боюнча жеке чечим кабыл алат. Бул жерде өкмөттүн курамы кызматтан кетет деген түшүнүк жок».

Бишкекте Конституциялык кеңешменин талкуусу өтүп жатат. Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттин аппаратынын жетекчисинин да кызматын аткарат.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн. (BTo)

XS
SM
MD
LG