ИИМ: Мончодогу окуяга байланыштуу Алтай Республикасынан жооп келди

Кош-Агач районунун картасы.

Кош-Агач районунун картасы.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын курамындагы Алтай Республикасынын ички иштер кызматынан мончодо зордукталган өспүрүмдүн окуясын түшүндүргөн кат келгенин кабарлады.

24-январда кыргыз тилдүү социалдык медиада тараган видео боюнча териштирүү жүрүп, алгач бул окуя Кыргызстанда болду деген түкшүмөлдөр айтылган.

Алтай Республикасынан келген катка ылайык мончодогу окуя 2020-жылдын 29-июлунда Алтайдын Кош-Агач районунда болгон.

2020-жылдын август айынын башында кылмышка шектүү өспүрүмдөр жана зордуктоого учураган бала табылып, Орусия Федерациясынын Жаза кодексинин 91-беренесине ылайык шектүүлөр камакка алынган.

Алдын-ала жүргүзүлгөн тергөөдөн кийин 31-декабрда иш Кош-Агач райондук сотуна жиберилген. (BCh)

Дагы караңыз

Жолчулар маянасын доолап нааразылык акциясына чыгыштыАида Исмаилова: Коронавирус күчөгөн кезде ката кетирдик деп ойлобоймКонституциялык кеңешме: Долбоорго сөз эркиндигин коргогон жоболор кирдиКонституциялык кеңешме: Жогорку Кеңешке 90 мандат берүү сунушталдыИИМ: Мончодогу зомбулук Кыргызстанда болгон эмес