Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Аида Исмаилова: Коронавирус күчөгөн кезде ката кетирдик деп ойлобойм


Аида Исмаилова Финансы полициясына сурак берип чыккандан кийин.
Аида Исмаилова Финансы полициясына сурак берип чыккандан кийин.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыкты. Ал сурак маалында эмне сөз болгону тууралуу журналисттерге маалымат берген жок.

Бирок ал коронавирус күчөгөн кездеги гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча дооматтарга жана өзүнө карата айтылып жаткан мекеме аралык комиссиянын бүтүмдөрүнө макул эмес экендигин айтты:

«Биз оору күчөгөн кезде күнү-түнү тынбай иштедик. Эч кандай ката кетирдик деп ойлобойм, жоопкерчиликтүү да эмесмин. Мага карата иш козголсо, анан ошонун негизинде жоопкерчилик каралат да».

Буга чейин Финансы полициясында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берген.

Сентябрь айында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.

Аида Исмаиловадан тышкары мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да 26-январга суракка чакырылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG