Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

ИИМ: Мончодогу зомбулук Кыргызстанда болгон эмес


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мончодо зордукталган балага байланыштуу окуя эки-үч жыл мурун Кыргызстандан сыртта болгонун, кылмышка шектүү адам изделип жатканын маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы 24-январдагы билдирүүсүндө чагымга алдырбоого жана такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.

23-январда Интернетте мончодо белгисиз эркек болжол менен өспүрүм баланы күчкө салып зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Анда зордукчулга жабырлануучунун күчү жетпей, кыргыз тилинде жаман жорукту токтотушун айтып, жалдыраганы тартылып калган. Милиция тасманын чоо-жайын ошол эле күнү иликтөөгө киришкенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG