Парламент комитети камактагы судья Осмоналиевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматтан алуу чечимин кабыл алды.

Комитеттин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева "Азаттыкка" билдиргендей, эми парламенттин жалпы жыйынында бул маселе каралып, токтом кабыл алынгандан соң чечим күчүнө кирет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судьяны 14-декабрда кармаган. Атайын кызмат Камил Осмоналиевди мыйзамсыз баюуга айыптап жатат. Мекеменин маалыматына караганда судья киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттаткан. Өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган.

Жогорку соттон жана Осмоналиевдин жакындарынан бул айыптоолорго комментарий боло элек. (SE)

Башка кабарларга да назар салыңыз

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы жетекчиси кайра кармалды БШК: Бир катар шайлоо тилкелеринин жыйынтыктары жокко чыгарылдыБишкектеги кичиавтобустун айдоочулары талаптарын айтып акимчиликке келишти«Ош электр» ишканасынын үстүнөн териштирүү башталдыБШК: Референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу, апрелде өтүшү мүмкүнФинпол мурдагы вице-премьер Исмаилованы суракка чакырдыКоронавирустагы гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады «Мен мугалим болгум келет» аттуу эссе сынагынын жеңүүчүлөрү сыйландыКоронавирус жуктуруп алган 1137 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте алдыКыргызстанда коронавирустан 93 медицина кызматкери көз жумдуУКМК Финполдун башкармалыгынын жетекчиси кармалганын билдирдиКараколдо православдар чокундуруу майрамын белгиледи