Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Коронавирустагы гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекемелер аралык комиссия ишин жыйынтыктады.

Комиссиянын корутундусу өкмөткө тааныштырылып, өткөрүлүп берилгенин комиссиянын мүчөсү Элден Калчакеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, корутунду жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат.

"Корутундуда кимдир-бирөөнү күнөөлөөдөн алыс болдук. Бирок жалпы Саламаттык сактоо министрлигинин системасын өзгөртүү зарылдыгына көзүбүз жетип, бул тууралуу сунушубузду бердик. Ооба, пандемия күч алган учурлардагы оорудан көз жумган адамдардын санында чоң айырма бар. Бирок ошол эле учурда буга себеп болгон фактыларды да эске алдык",- деди Калчакеев.

Октябрдагы бийлик алмашуудан соң вице-премьер министр болуп дайындалган Элвира Сурабалдиева пандемия учурундагы гуманитардык жардамдын жана башка каражаттардын сарпталышын иликтеген мекеме аралык комиссия былтыр жайында иштеген өкмөттүн ишинде бир топ мүчүлүштүктөрдү тапканын билдирген.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасына: "Коронавирус менен ооруган адамдардын жана андан көз жумгандардын саны тууралуу комиссиянын корутундусундагы маалыматтар менен штаб берген маалыматтын айырмасы бир нече миң. Пандемиянын биринчи толкунунда айрым аткаминерлер документтерди создуктурганы үчүн ооруну дарылоодо жана дары менен камсыз кылууда башаламандык болгон. Ич ара сүйлөшүп алып, айрым адамдар пандемиядан бизнес кылышкан» деп жазган.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча мурдагы өкмөт башчылар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак беришүүдө. 18-январда бул иштин алкагында мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова суракка чакырылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG