Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты

Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы СOVID-19 полигонунда коргоочу кийимчен медкызматкер. Кар жаап жатканына кубанып турат.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 2 миллион 8 миңден көп.

Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда - дээрлик 390 миң. Андан кийин Бразилия - 207 миң, Индия - 150 миңден ашат.

Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө.

2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Ал эми коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы жумада Орусияда аныкталган. Мындан тышкары, коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда 16-январдагы расмий маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 986 адамга жетти. Алардын 1382си каза болуп, 78 866сы сакайды.

Дагы караңыз

"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиУКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)Дача СУ кырсыгы: жообу жок суроолор Ура-а! “Википедия” 20 жашка толду!Фонограмманы тыюу сапатка умтулуубу же чектөөбү?«Клооп» 210 шайлоо участогунун добуштарын жокко чыгарууга аракеттенет