Ноокатта 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо жазадан бошотулду

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы кызга нике кыйган деп айыпталган молдону райондук сот үч жылга эркинен ажыратып, мунапыстын негизинде жазадан бошотту. Бул тууралуу маалымат Сот актылары жана отурумдары сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, окуя 2018-жылдын 20-октябрь күнү Ноокат районунун Жандама айылында болгон. 35 жаштагы молдо 16 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигитке нике кыйган, алардын паспортторун караган эмес, нике кыйганы тууралуу маалыматты каттоо китепчесине жазбай койгон.

Нике кыйган молдо райондук соттун чечими менен Жазык кодексинин 178-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот анын камсыздоосуна муктаж төрт баласы бар болгонун жана буга чейин соттолбогонун эске алып, жазык жоопкерчилигинен бошотуу боюнча мунапыс колдонгон.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, никеге турууга 18 жаштан кийин уруксат берилет. (DU)

Дагы караңыз

«Фейсбук» Кыргызстандагы жүздөгөн фейк аккаунттарды жок кылдыУгандада азыркы президентке популярдуу ырчы атаандаш болуп чыктыСамара Каримованы Оштогу музыкалык окуу жайынын жамааты кабыл албай жататСот: Сайпидинов мамлекетке зыянды төлөп бергени үчүн үй камагына чыктыНарында акцияга чыккандардын бири өзүн өрттөгөнгө аракет кылды Кароосуз балдар фостердик үй-бүлөлөргө бериле баштадыАйылына спорт зал салып берген мигрант