Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

«Пиза мунарасындагы кыз» - тагдырдын баяны


Италиядагы Пиза мунарасы.
Италиядагы Пиза мунарасы.

Мусакун Сатыбалдиев - ыр менен кара сөздү эриш-аркак ала жүргөн жазуучу.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун татаал адам тагдырын баяндаган «Пиза мунарасындагы кыз» икаясын сунуш кылабыз.

Жылдыздуу түн

Пиза - Италиянын туристтик кызыктуу жайларынын бири. Кыйшайган мунаранын кайсы күнү «күп» этип кулап түшөрүн канча жылдан бери талкуулап аягына чыга албай келатышат. Эчен кылымдарды карыткан эстеликтер итальян жергесинде толтура, а Пиза мунарасы бирөө гана. Мусакун Сатыбалдиевдин аңгемесиндеги Жаңыл кыздын тагдыр-жашоосу ошол мунара сымал же кулап түшпөй, же түзөлө албай, сегиз жылдан бери арабөк абалда асылып турат.

Күндүзү тирилик камы менен жүрүп көкүрөгүн өйүгөн арманын ойлошко чамасы жок, түн кирди - баары башталат. Арманын башкаларга айта албай, шуу үшкүрүп сыртты карайт. Асман толо бажырайган жылдыздардын бири учуп, калганы жымың жарыгын чачып, караңгы түн койнунда жаткан экөөнү аңдып атышкансыйт. Бир жылдыз өлүп, ордуна жаңысы чыгып, асман бетиндеги тирилиги нугунан чыкпай уланып, таң атканча бажырайып экөөнү карап турушат. Жылдыздар толо түндү Жаңыл аябай жактырчу. Көл бетиндеги мелтиреген тынчтыкка асман бетин бербеген жылдыздардын жымыңы кошулуп, бир укмуш дүйнө жаралчу. Бирок көл жээгиндеги жалгыз үйдөгү Асылбек менен Жаңыл экөө тескери карап, көөдөнүндө тирелген күйүтүн шуу үшкүрүк менен басып, уйку алып кеткиче умсунуп жата берчү. Кээде асман бетин булут басып, ай чыкпай, адатта мелтиреп тынч жатчу көл буркан-шаркан түшүп, топтолгон арыз-арманын жээктеги таштар менен бийик жарга согуп, булкунуп алчу. Андайда Жаңылдын арманы күчөп, эмнеликтен мындай абалга келгенине түшүнө албай, капалуу жүрчү. Ый менен үшкүрүк анын жашоо-турмушун аябай эле суз кылып жиберген эле.

«Келиндин эмдиги аракети эчкирип ыйлап жиберип, жанында тетири карап, дүйнөнү сел алып жатса да ойгонбоочудай сулкуйуп уктап жаткан күйөөсүн ойготуп албоо болду. Солуктаган демин ичине тарта, мончоктогон көз жашы аркылуу терезеден көрүнгөн чексиз асмандын чарчы жоолуктай бир үзүмүнө тигилип, кыймылсыз жатты. Сабагынан капыс үзүлгөн алма сымалданган дагы бир жылдыз чексиздикти тепчий кургуйга зуу койду. Балким, бул жылдыз эмей эле келиндин мөлтүрөп бышпай, таңдайга татыбай, сабагынан эрте күбүлгөн жаштык курагынын мөмөсүдүр. Тээ эс тарткандан бери жүрөгүндө аздектеп багып келаткан, бирок колго жукпай мөлтүлдөгөн сымаптай тайгаланган үмүтүдүр, көөдөн куйкалаган кайрымсыз жашоонун көйгөйү сиңген жемишсиз жылдарыдыр. Ким билет, мунун жообу да жылдыздын үзүгү менен түнгө бой жашырды».

Мындай армандуу турмушка туш келгенине билинбей сегиз жыл өтүп кетиптир. Жыл дегениң куушуп өтө берет экен. Жылдыздарды карап өзүн сооротуп келатканына ушунча болуптур, э! Убакыт дегениң ушул, колуңан качан суурулганын билбей каласың. Башында билинген эмес, болуп кетер, оңолуп кетер деген илгери үмүткө ишенип, карабайсыңбы эми, сегиз жылын өткөрүп ийиптир. Мунун канчасы көз жашка жуулду экен? Жаздыкты кучактап жатып таң атырган армандуу түндөр калды. Башында кандай болду эле?

Жаркылдаган жакшынакай кыз, борбор шаардагы медициналык окуу жайынын студенти, шарактаган сонун курак. Оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбогон учур эле ал кези. Курбулары менен көчөдө баратышканы, баскан-турганы күлкү оронуп, гүл жыттанып кетчү. Ошондо көбүрөөк сүйүнүп койгонбу? Шаар жазгысын гүлгө оронуп жайнап чыкчу. Башка убакта деле мээ кайнаткан саратанда, ызгаар жалаңдаган кышта деле кыз журтунун маанайы жарык, ууртунда күлкү уялап турчу. Көрсө, ал табияттын бир белеги экен. «Кийин арманың күчөйт, көктөм кезиңи эстейсиң, ага чейин жакшы жашап ал» деп табият жакшы маанайды берешендик менен чачып коёт окшойт. Азыр жанында капталын салып дүңкүйүп жаткан күйөөсүнө сегиз жыл мурда тагдырын кошуп, турмуштун арабасын чогуу тартайын деп бел байлап чыккан. Ал кезде баары жакшы болчу.

Суук төшөк

Алдыда жалаң жакшы нерселер күтүп тургандай, дымагы демдүү эле. Анда экөө бир жууркандын эки жагында тескери карап жатып калышары оюна келиптирби?! Мындайда балакеттүү уйку өлүктүн келбей маалкатканычы. Жатар замат келе калса оор ойлордон арылып, күндүзү иш менен алаксып, жашоосу мынчалык азап болмок эмес. Азыр эртең менен денеси жанчылып, көңүлү ооруп айла жок турат. Жанындагысы деле аялынын абалын билет болуш керек. Билгенде эмне кылат? Ал байкуш арыз-арманын кимге айтат? Түнгөбү? Жууркандын бир учун өзүн тартып тескери карап жатканда ал деле жылдыз карап, көлдүн демин тыңшап, ичинен сызып, арманын айтар?! Пенде эмеспи, кантип эле жөнөкөй адамдык сезимдерден кур калсын?

«А мүмкүн, мунун көйгөйү, мунун арманы аныкынан он эсе, жүз эсе арбындыр…

Тилекке каршы, анысынан эмне өзгөрмөк, кандай жеңилдик болмок? Куураган чырпыкты жүз сугарган менен жанданып, бүр байлабасы айгине эмеспи. Келиндин койнунда жаткан адам азыр негедир ошол чырпыкка, анан барып бүкүрөйүп жер таяна шопоюп турган карт даракка окшоп кетти. Ийинден аткып тарта ойготууга умтула берип, астапырылда келтирди. Колун жылаңач ийнине тийгизип барып, шарт тартып алды. Негедир анын денеси муздак, чоочун сезилип турду.

Ооба, ушунча жыл бир үйдө жашап, бир төшөктө жатышканы менен келин ниетинде аны күйөөсү катары эсептей алчу эмес. Анткени анын аялдык делебесине табы күчтүү чок таштап, ууздай денесин эриген коргошундай бир балкытып, сөз жеткис ырахаттын толкунунда көшүлтө терметип, лаззат кумарына батыра албаган жан кантип ысык көрүнсүн? Табигат тартуу кылган аялдык сезими козуп, жанына тынчтык бербей жабыркатып, эркектен ала турган сыйкырдуу кумардын күчүнө биротоло багынып, бүтүндөй жан-дүйнөсү дүрбөлөңгө кабылып күтүп жатканында тигинин эркектик кудурети «өз милдетин» аткара албай, жалындаган сезимге шыргалаң чачып бозортту. Эркектин койнунда жатып, анан анын ырахатынан оолак калуудан өткөн кордук жоктур, аял үчүн.

Ошентип, Жаңыл башкалар үчүн - «келин», өзү үчүн, койнунда жаткан адам үчүн - кадимки эле ак шейшепти булгай элек кыз. Бул - экөөнүн жашыруун сыры, арылбаган шору…»

Жаңыл Асылбек менен калаты жагдайда таанышкан. Сынык оорулар жатчу бейтапкана экөөнүн жаштык сезимин ачыкка чыгарган жери болуп калары ал кезде кимдин оюна келиптир. Кыялкеч кыз бул жерден өлүм эмне экенин, бүгүн ак шейшепте үмүттүү жашаган адам эртеси жарык дүйнө менен коштошкон жансыз денеге айланарын көрдү. Күрү-күү, кымкуут кыймылы көп шаарда жарык дүйнөнү таштагандар канча, көбү ушул жерден кош айтышат. Кайгы менен ый үстөмдүк кылган караңгы жерде кыялкеч кыздын жашоо-турмушу өзгөрдү. Бул жерден ал эмнелерди гана көрбөдү. Адам деген ит жандуу, өлөт дегени аман калып, жаркылдап-жайнап отурганы мүрт кетип, а бирок ага карабай чоң шаардын токтоо билбес жашоосу уланып жаткан. Балалыгы менен коштошо элек боорукер кыз практикага чыкканда жарык дүйнөнүн артында эмне барын көрдү.

«Канжалап айрылган башты, сөөгү сынып шалактап калган бут менен колду, кесилип мулуйган жамбаш менен карууну көрдү. Кош канаттын биринен түбөлүккө ажырап, бодур ташта соксоюп отуруп калган бүркүт кебетеленген адамдарды көрдү. Аларга карата болгон жүрөгүндөгү аёо сезими ойгонуп, жан дүйнөсүнө кандайдыр бир салмактуу ойдун данеги түшүп, акырындык менен ал тамыр жайгансыды. Шарактаган күлкүсү кеч күздөгү тоо суусундай тартылып, токтоо тартты.

Анын мүнөзүнүн мынчалык тез өзгөргөнүнө курсташтары да таң калып жүрүштү. Көп өтпөй ушул бөлүмдүн өзгөчө оорулуулар дарылануучу палатасынан Асылбек аттуу жаш жигитти көрдү. Ал өтө эле арык, чүпүрөктөй кубарган жүзүнөн, тереңинде муңайымдын көлөкөсү жашынган алайган көздөрүнүн чордонунда тарткан азап-тозоктордун салдары сезилип турган жигит эле. Төшөктөн тура албайт экен. Ооган жергесиндеги каргыш тийген алаамат согушка катышып, жарылган снаряддын сыныгынан бел омурткасы катуу жабыркаптыр. Эки буту өлүк сыңары эч нерсени сезбейт».

Асылбеги ошол, ооган жеринде оор жарадар болгон байкушту Москванын аскердик госпиталында эки жылдай дарылашып, аягында бул жакка алып келишкен. Жашоо-турмуштан көңүлү калып, баары бир тыйынга арзыбай калган Асылбек кан менен терге чыланган жарык палатасынан Жаңылды көрдү. Ал болбосо бу жарыкчылыкты таштап деле кетер беле! Ооруканада жата берип бели жооруп, ак халатчан дарыгер менен оорукананын хлор, дары жыттанган палатасынан башка эч нерсе көрбөгөн жигитке назик бийкеч бир укмуш сезилди. Жашоо-турмуш, тагдыр дегениң кээде ушундай белегин да ала жүрөт экен.

Кызык сүйүү

Жаңыл кан-сөлү кубарган арык жигиттин көңүлүн көтөрүп, тамаша айтып, колунан келген жардамын көрсөтөт. Аны менен жолуккандан тартып Асылбектин маанайы көтөрүлүп, бура бастырбаган оорусу мурдагыдай жанын кыйнабай, жашоо-турмушка кумары арта баштады. Жаңыл практикасы аяктагандан кийин деле ооруканага каттоосун үзбөдү. Окуусун бүтүп, дипломун алганда Асылбек да ооруканадан чыгып, кош балдакчан жигитин таксиге отургузуп айылына келишти. Мындан аркы турмушу сүйүү менен кубанычка жык толо өтчүдөй ошондогу өрөпкүгөнүчү! Алдыда турмуш деген, тагдыр сыноосу деген тоскоолдор турганы деле капарына кирбептир.

«Аттиң десең… ошондо азыркыдай каргашалуу турмуштун түбү түшкөн көйгөйүнө кептелип, андан чыгып кетерге жылчык таппай каларын билген күндө бардыгына кол шилтеп таштап, ат тизгинин шарт бурат беле. Же куураган жигит өзүнүн жарамсыз болуп калгандыгынын чет-бучкагын чыгарып койсочу. Качан гана иш машагына чыгып, ак нике кыйылып, экөө бир жаздыкка баш койгон түнү гана билип жүрбөйбү. Анда эмне, жаш да, балким эртең, болбосо дагы бир күнү болор деген ишенимге жетеленди. Бирок андай болбоду. Көрсө мертинген бел… Бирок, алгач аттап кирген босогону кайра аттап чыгып кете албады. Тагдырынан бир сынган күлгүндөй жигитти экинчи ирет сындырып басып кетишке кудурети жетпеди. Адамдык ариети буга жол бербей бөгөп турду».

Жаңылдын бийик адамгерчилиги ак никесин ойлонбой үзүп кайдыгер басып кетишке жол бербеди. Андан бери билинбей сегиз жыл өтүп кеткенин карабайсызбы. Оор ойлорго муунуп кыйналып жүргөндө Пиза мунарасы түшүнө кириптир.

«Бир кызыгы: мунара бир капталына жантайып, кыйла эле ооп калыптыр. Булуттар кагышып, дүңк эткен сайын мунара да солк эте берип, кулап түшчүдөй ого бетер жантая түшөт. Жаңылдын жүрөгү оозуна кептелип, бүткөн бою калчылдайт. Кыйкырууга үнү чыкпай, тамагына муштумдай нерсе кептелгенсийт. Төмөн түшө качууга тепкич таппай жандалбастайт. Анын сезимине капысынан эле «бул Пиза мунарасы турбайбы» деген ой тык этти».

Жаңыл ошол мунарага кантип чыкканы белгисиз, бир маалда эле кургуйга кулап баратыптыр. Алдында туңгуюк, капкараңгы. Атын укканы менен өзүн көрө элек мунарадан кулаганы аны аябай чочулатты. Бул аян болуп жүрбөсүн?! Асылбек деп Жаңыл бечара эми энелик кумарды, ырахатты сезбей, ымыркайга зар болуп өтүп кетеби?! Мүмкүн дале кеч эместир. Пиза мунарасы түшүнө киргенден кийин кыз бир чечимге келип, колуна тийген кийимдерин сумкесине тыгып, кетүүгө камынды. Ушунча жыл кер-мур айтышпаган төшөктөгү күйөөсүнүн жүзүнөн сүйүп, өйдө турду. Асылбекти уктап жаткан го деп ойлогон, сулк жаткан күйөөсүнүн көз жашы жаздыкка тамганын көрбөй калды.

Ушундай аңгеме. Энелик ырахаттан кечип, сүйгөн адамынын көңүлү деп жашай бергиси келбеген кыздын сегиз жылдан кийинки чечими. Билген-уккан адамдардын баары аны түшүнөр.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG