Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Кароосуз балдар фостердик үй-бүлөлөргө бериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 14-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү балдар үйлөрү жана интернаттар реформаланып, жоюлууда.

«Баланы кийинтип-ичинтип коюудан тышкары ата-энелик мээрим керек. Интернатта тарбиячылар ар бир балага көңүл бурууга үлгүрүшпөйт. Ошондуктан биз балдар үйлөрүн жана интернаттарды реформалап, андагы балдарды фостердик үй-бүлөлөргө берүүнү баштадык», - деди Солтонбекова.

Министр ата-энелерди фостердик үй-бүлө түзүүгө чакырды. Бүгүнкү күнү өлкөдө 44 фостердик үй-бүлө бар. Анда 72 бала тарбияланууда. 2014-жылдан бери фостердик үй-бүлөлөрдө 200дөн ашуун кароосуз калган бала тарбияланган.

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өткөрүлөт. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок өздөрүнүн балдарын кошкондо беш баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жашаган жери боюнча райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылышы зарыл.

30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан улуу эмес, окуудан, тандоодон өтүшкөн адамдар багуучу ата-эне боло алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом айлык, ал эми балдардын өздөрүнө да (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) ай сайын 6 миң сом бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG