2020-жылдын январь-декабрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 8,6% артка кетти. Бул тууралуу 14-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов мекеменин баштапкы эсептерине таянуу менен кабарлады.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн 12 айдагы көрсөткүчү 9% артка кетип, 530 млрд. сом болду.
Жалпы көрсөткүчтүн ичинен курулуш (15,6%), дүң жана чекене соода (16,1%) жана өнөр жайы (6,6% ) артка кетти.
ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.
Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өнүмү алгач 2020-жылга 5% өсөт деп божомолдогон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7 % артка кетет деп расмий эсептелген.
Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган.
Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган. (ErN)
Дагы караңыз
Шоудан чыккан чыр: адеп жана эркиндиктин чегиСтуденттердин угулбай калган талабыАКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө сунушту колдодуАдвокаттар Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүүдөHRW Байденди адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырдыУКМК кримтөбөл атыккан Алтынбек Ибраимов кармалганын билдирди«Супара» интерактивдүү музейи негизделдиПутин эмки жумада жапырт эмдөө баштоого буйрук бердиБишкекте бала бакчалар 1-февралдан тартып ачылат Эстониянын өкмөт башчысы Ратас жемкорлук чуусуна байланыштуу кызматтан кетти