Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Бишкекте бала бакчалар 1-февралдан тартып ачылат


Бала бакчада өлкөнүн гимнин ырдоо учуру. Пандемияга чейинки мезгил. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакчада өлкөнүн гимнин ырдоо учуру. Пандемияга чейинки мезгил. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын чечими менен баш калаадагы бала бакчалардын иши 1-февралдан тартып жандандырылат. Мэриянын басма сөз кызматы мунун себеби бала бакчалардын иштөө алгоритми эмгиче иштелип чыга электигине байланыштуу экенин кабарлады. Маалыматка ылайык, бул маселе Коронавируска каршы республикалык штабдын өкүлдөрүнүн жана вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын катышуусунда каралууга тийиш.

Мэриянын маалыматына караганда, бала бакчаларга алгач мектепке даярдык тайпасындагы балдар барат. Кийинчерээк кичүү тайпалардын балдары бара башташат.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиеванын журналисттерге айтканы боюнча, мектептерге жана бала бакчаларга дезинфекциялоочу каражаттар даярдалды, учурда бардык мектептер жана бала бакчалар ишин улантууга даяр. Анын айтымында 18-январдан тартып калаадагы орто мектептерде 1,5,9,11-класстын окуучулары салттуу түрдө окууну улантышат. Мектептерде окуу эки нөөмөт менен жүрөт, балдар класста социалдык аралыкты сактап отургузулат. Балдарды беткап менен камсыз кылуу милдети ата-энелерге жүктөлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, III чейректен тартып өлкөдө эки миңге жакын мектеп ишин жандантты. 299 бала бакча иштеп жатат, анын ичинде 150сү жеке менчик.

Кыргызстандагы мектептер жана бала бакчалар 2020-жылы март айынын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Мектептер IV чейректи аралыктан окуп бүтүргөн. Быйылкы жаңы окуу жылында 1-класстан башка класттар аралыктан окутууну улантышкан.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өткөн жылдын 11-ноябрынан тартып айрым «жашыл зонадагы» мектептер ишин жанданткан. Кээ бир мектептерге 1, 5, 9, 11-класстардын окуучуларын салттуу окутууну улантууга уруксат берилген.

Ата-энелер жана мугалимдер аралыктан окутуу балдардын билим деңгээлинин төмөндөтөрүн белгилеп, окууну салттуу улантууну талап кылып келе жатышат.

Бүгүн, 13-январга карата Кыргызстанда 92 адамдан коронавирус жаңыдан аныкталды. Бир адам илдеттен көз жумду. Былтыр март айынан бери өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты. Жалпы айыккандардын саны 78 358 адам. Пандемия башталгандан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG