Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго телефон чалып, Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктады.

Казак президентинин расмий сайтына 11-январда жарыяланган кабарга ылайык, Токаев менен Жапаров эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду расмий сапар менен Казакстанга чакырды. Жапаров мамлекет башчы катары биринчи сапарын Казакстандан баштай турганын айтты.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгарылган соң Ооганстандын улуттук «Pajhwok» маалымат агенттиги президент Ашраф Гани Садыр Жапаровду куттуктаганын жазган.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоонун жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Дагы караңыз

Шайлоонун жыйынтыгы, Жапаровдун жеңишиСадыр Жапаров: Мурдагы бийликтердин каталары кайталанбайт (видео)Садыр Жапаров сөз эркиндигин коргоого убада бердиСооронкулова: Шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү гана добуш берүүгө келгени - кооптуу көрсөткүчАбакиров: Бийликке келген күчтөр үчүн чыныгы күрөш алдыдаРавшан Жээнбеков: Шайлоонун жыйынтыгын тааныймСадыр Жапаров: Сөз эркиндигин сөзсүз түрдө коргоймМадумаров: Президенттик шайлоо реалдуулуктан өтө алыс өттү (видео)Курсан Асанов: Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин

Шайлоо күнү 1,5 миңден ашуун добушканаларга байкоочу койгон "Kloop.kg" уюму, 500 тилкеде мониторинг жасаган "Жалпы иш" коомдук фонду 10-январдагы добуш берүү айрым мыйзам бузуу менен коштолгонун маалымдаган.

«Эл аралык толеранттуулук фонду» Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусунда 15 аймактык шайлоо комиссиясында байкоо жүргүздү. Фонддун байкоочулары 25 олуттуу мыйзамсыздык фактыларын каттап, тиешелүү акт түзүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жиберген. (SE)