Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Садыр Жапаров: Мурдагы бийликтердин каталары кайталанбайт (видео)


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана анын жубайы Бишкектеги №1053 шайлоо участогунда добуш берген учуру. 10-январь, 2021-жыл.
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана анын жубайы Бишкектеги №1053 шайлоо участогунда добуш берген учуру. 10-январь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында элдин колдоосуна бүгүнкүдөн да көбүрөк муктаж боло турганын айтты. Ал өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Ар бир кыргызстандык коррупцияга каршы күрөшүүгө мага жардам бериңиздер. Биз мурдагы бийликтердин катасын кайталабайбыз. Баары ачык болот. Өкмөттүн эшиги ар дайым эл үчүн ачык болот. Биз саясий куугунтукка жол бербейбиз. Кимдир-бирөө мыйзам бузса мыйзам чегинде жол бериши керек», - деген Садыр Жапаров элдин колдоосу жана саясий туруктуулук болсо, эки-үч жылда кризистен чыгып кетүүгө көзү жете турганын кошумчалады.

БШКнын акыркы маалыматына караганда, кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылган.

Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:

Садыр Жапаров - 79,24%;

Адахан Мадумаров - 6,71%;

Бабыржан Төлбаев - 2,35%;

Мыктыбек Арстанбек - 1.67%

Абдил Сегизбаев - 1.46%;

Имамидин Ташов - 1.19%;

Клара Сооронкулова - 0.99%;

Аймен Касенов - 0.91%;

Улукбек Кочкоров - 0.68%;

Канатбек Исаев - 0.58%;

Бактыбек Калмаматов - 0.50%;

Курсан Асанов - 0.50%;

Элдар Абакиров - 0.50%;

Равшан Жээнбеков - 0.19%;

Каныбек Иманалиев - 0.18%;

Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;

Баарына каршы - 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

- Президенттик башкарууну колдогондор - 81,27%;

- Парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%;

- Экөөнө тең каршылар - 4,42%.

Бул сандар улам жаңыланууда. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, электрондук үкөктөгү добуштардын 96% көбү саналды. Кошумча кол менен санай турган бюллетендер да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG